Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "ЕБ – БА" саммити башталды

02.06.2023 15:52
443
Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "ЕБ – БА" саммити башталды


Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммити башталды.

Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

Саммитте эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда.

Белгилей кетсек, "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Астанада (Казакстан) өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн