Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Чолпон-Атада алгачкы жолу дүйнөлүк ММА турнири өтөт

23.07.2021 11:42
860
Чолпон-Атада алгачкы жолу дүйнөлүк ММА турнири өтөт

3-августтан 8-августка чейин Чолпон-Ата шаарында Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу ММА боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу "Супер.кг" порталына уюштуруу комитети маалымдаган.


Билдирүүгө ылайык, Дүйнө чемпиондугу ММА эрежесиз эр уруш, грэпплинг, жиу-житсу жана муай тай боюнча өткөрүлөт. Мелдешке 10дон ашуун өлкөдөн эң күчтүү жана наамы көп спортчулар катышат.


Ошондой эле Дүйнө чемпиондугунда спорт таланттары, спорттук карьерасын жаңы баштап жаткан өспүрүм балдар дагы күч сынашат. Турнирге ар кандай категориядагы миңден ашуун мушкер катышат.


Дүйнө чемпиондугунун урааны "Биримдик 2021" деп аталат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн