Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чолпон-Атада эки өмүрдү алган окуяга шектүү өспүрүм камактан бошотулду

27.07.2023 16:54
418
Чолпон-Атада эки өмүрдү алган окуяга шектүү өспүрүм камактан бошотулду


Ысык-Көл райондук соту тарабынан Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси менен айыпталып жаткан 16 жаштагы өспүрүм балага баш коргоо чарасы тандалды.

Соттон белгилешкендей, өспүрүм 18 жашка чыга элек жана кылмыш этиясыздыктан улам жасалган. Учурда кылмышка шектүү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 111-беренесинин негизинде мыйзамдуу өкүлүнүн кароосуна өткөрүп берилди.

Эске салсак, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн катердин айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, баллондо отурган үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген.

Белгиленгендей, жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле күнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү баш коргоо чарасы тандалганга чейин камакка алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн