Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чолпон-Атада эки жеңил унаа кагылышып, 3 адам жаракат алды

Чолпон-Атада эки жеңил унаа кагылышып, 3 адам жаракат алды

9-июнда Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.


Маалым болгондой, кырсык саат 18:00 чамаларында катталган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып жол чыракта токтоп турган Фольксваген Венто автоунаасын сүзүп алган.


"Чүй облусунун Кең-Булуң айылынын тургуну 1984-жылы туулган А.У. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай светофордо токтоп турган Бишкек шаарынын тургуну 1993-жылы туулган О.К.нун башкаруусунда Фольксваген Венто автоунаасын сүзүп алган. Натыйжада Фольксваген Венто автоунаасынын айдоочусу 2 жүргүнчүсү менен райондук ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.


Учурда Ысык-Көл РИИБде тергөө иштери жүрүүдө, унаалар айып аянтчасына жеткирилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн