Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чолпон-Атада экс-мэрдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды

12.02.2024 12:43
176
Чолпон-Атада экс-мэрдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды


Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, мамлекеттик түзүмдөрдөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен кызмат адамдарынын байланышы такталып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Асанбекке (Көлбаев) Чолпон-Ата шаарындагы баасы 10 млн сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.

Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл району боюнча "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн