Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чолпон-Атада электр тармагынын кызматкери криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма ачкан

08.12.2021 13:03
548
Чолпон-Атада электр тармагынын кызматкери криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма ачкан

криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды**


2021-жылдын 8-декабрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) жооптуу кызматкери “И.А.Дж.” жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 7-декабрындагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган кызмат адамы “И.А.Дж.” жашаган жери Чолпон-Ата шаары, Ж.Акималиев көчөсү, №1 дареги боюнча көрсөтүлгөн майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды.


Белгилей кетсек, “И.А.Дж.” узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.


Азыркы учурда, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн