Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин IV отуруму өтөт.
Аталган бизнес-форумдун алкагында «Экспорттук потенциал жана өткөөл мезгилдеги логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» жана «Кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетика тармагындагы долбоорлор» темаларында панелдик сессиялар пландаштырылган.
Ошондой эле тыгыз ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган В2В жана В2G жолугушуулары каралган.
Кыргыз-Герман ишкердик кеңешинин IV отуруму Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн