Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чолпон-Атада кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык жыйыны өтүүдө

26.07.2023 13:38
356
Чолпон-Атада кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык жыйыны өтүүдө


Чолпон-Атада экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын V жыйыны өтүүдө.

Жыйынга КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов катышууда.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Кыргызстан соода-экономикалык жана инвестициялык багыттарга басым жасоо менен кыргыз-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүн жана өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө биз өткөн жылы мамлекет башчыларыбыз - Садыр Нургожоевич жана Ильхам Гейдарович - Бакуга жана Бишкекке жогорку деңгээлдеги өз ара мамлекеттик сапарлар учурунда түптөгөн эки тараптуу мамилелерибизди ишенимдүү түрдө жаңы сапаттык негизде курууну улантып жатабыз.

Ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон бекем ниетибиз түрк элдеринин тарыхый, маданий, руханий жана тилдик жалпылыгынан, ошондой эле боордош элдер менен өз ара алаканы кеңейтүүгө болгон биргелешкен каалообуздан келип чыкты", - деди ал.

Өз кезегинде Али Ахмедов Азербайжан тарап кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Андан кийин тараптар жыйындын күн тартибине өтүштү. Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жолугушуунун протоколуна кол коюшат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн