Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чолпон Султанбекова: Педофилдерге өлүм жазасын киргизүүгө убакыт келип жетти

08.06.2022 16:21
1039
Чолпон Султанбекова: Педофилдерге өлүм жазасын киргизүүгө убакыт келип жетти


Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 8-июнда парламентте акыйкатчынын отчету каралып жаткан учурда өспүрүмдөрдү эрте турмушка берүү маселесин көтөрдү. Ал жакында эле Алматы шаарында жыйынга катышканын, ал жакта Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын укугу боюнча өкүлү Кыргызстанда акыркы кездери эрте турмушка чыгуу жана өспүрүм кыздарды ала качуу көбөйгөнүн айтканын белгиледи.

 

“Педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүгө убакыт келип жетти деп ойлойм. Мындан ары башка рычактар жок калды. Андыктан ушундай ыкмаларды колдонуу керек. Бул сизге маалымат катары, сиз да мындан ары педофилдерге карата кандай чара көрүү керектигин ойлонуңуз”, - деп Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Майрамкул,63 жашта.
Балдардын омуруно тийиштуу окуяларга катышкан жарандар катуу жазаланыш керек. Балдар сабалып, чогуп, олуп жатат. Коомдо жат корунуштор басып кетти. Жоопкерчилик жок. Аморалдык корунуштор, зордук зомбулук корсоткондорго каттуу чара корулуш керек. Олум жазасы кирбесе онолбой калдык. Турмодон деле отурушпайт экен. Акчага бардык жердегилер сатылып кетишкен. Оз атасы оз кызын зордуктагандан кийин, олум жазасын киргизуу тура деп ойлойм.