Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова региондордо эне жана баланы коргоо борборлорун ачууну сунуштады.
Анын айтымында, аймактардан келген бейтаптар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда таңкы саат 5тен тарта кезекке турат. Кезек тийбей калган бейтаптар аргасыздан эртеси күнү келет.
"Биз жакында жаңы министрди дайындадык. Ал өзү барып Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы абал менен таанышсын.
Бардык региондордогу бейтаптарды Бишкекке жөнөткөн менен маселе чечилбейт. Аймактарга ушундай борборлорду ачыш керек.
Бейтаптар 5тен баштап кезекке турат. Кезек жетпей калса эртеси күнү келет. Алардын бара турган жери болбосо мейманканада калат",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн