Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 12:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды

01.12.2022 16:37
306
Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.


Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Чолпон Султанбекованын талапкерлигин 81 депутат колдогон.


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Султанбекованы маанилүү комитеттин төрайымы болуп шайланышы менен куттуктап ишине ийгилик каалады.


Ошондой эле эл өкүлү Чолпон Султанбекова депутаттарга анын талапкерлигин колдоп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Конституцияны так сактап иштөөгө убада берди.


Эске салсак, аталган комитеттин буга чейинки төрагасы Медер Алиев 30-ноябрда Кемпир-Абад маселеси боюнча кызматын өз каалоосу тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн