Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комитеттин чечимине кол койбой турганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.
"Мен чечимге кол койбойм",- деди депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аталган чечимге кол койбой турганын, аны төрагалыктан кетирүү аракети болгонун билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн