Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Төмөндө Султанбекованын куттуктоосу:
"Чырпыктан чынар өстүрүп, келечек муундун дүйнөсүн жарык кылган өлкөбүздүн жалпы мугалимдерин, асыл эже-агайларды кесиптик майрамдары менен чын дилимден куттуктайм.
Бардыгыңыздарга кыярбас узун өмүр, гүлдөй назик көңүл, таң шооласындай майрамдык маанай, жашоодо үй-бүлөлүк түгөнбөс бакыт-таалай каалайм. Түйшүгү түмөн ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун!".
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн