Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекованын демилгеси менен Ош шаарында муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына кышкы жылуу жаңы кийимдер берилди.
Кайрымдуулук иш-чарасы Osh Grand Hotel Chavo отелинде өттү.
Ош облусу боюнча 300 муктаж үй-бүлөнүн балдарына жылуу кийимдер Human Appeal International фонду тарабынан депутат Султанбекованын демилгеси менен берилди.
Өз кезегинде муктаж үй-бүлөлөр Чолпон Султанбекова жана Human Appeal International фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн