Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чолпонбек Абыкеев 1916-жылдагы үркүн иликтенерин айтты

06.08.2021 12:04
1471
Чолпонбек Абыкеев 1916-жылдагы үркүн иликтенерин айтты

«Биз 1916-жылдагы Үркүндү изилдөөнү улантышыбыз керек», - деп билдирди Үркүндүн 105 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев.


Ал өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири - 1916-жылдагы Үркүн экендигин айтты.


«Ачык айтуу керек, ошол учурда кыргыздар улут жок болуп кетүү чегине жеткен. Айрым маалыматтарга караганда, 300 миңге жакын, ал эми такталган маалыматтарга ылайык, 200 миңге жакын кыргыз каза болгон. Эл абдан оор абалда болчу. Бүгүн ошол окуялардын 105 жылдыгын ушундай жупуну шартта эскерип отурабыз», - деди ал.


Абыкеев учурдагы эпидемиологиялык абалга жараша чоң иш-чара өткөрүүгө болбой калгандыгын түшүндүрдү. Коомдук уюмдардын демилгеси менен ушундай иш-чара өткөрүлүп жатат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Анарбек
Уркунду эскербей бугунку абалдан чыгуу жолун издесенер жакшы болмок,эл жетер жерине жетеин деп калдыго.
Шаршен
Туура, кандай элге тушкон каран тун болгон. Кыргын болгон жерде элди аткандардын эстеликтери турат, аларды баарлап комушкон, кырылган элдин соогун ошол жердеги кокту колоттон азырда ачык жатат. Накта геноцид болгон.