Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:52
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чолпонбек Абыкеев: “Бул кызматты менден башка ким аткара алмак эле?”

16.07.2021 12:48
9811
Чолпонбек Абыкеев: “Бул кызматты менден башка ким аткара алмак эле?”


- Жакында эле мамлекеттик катчы кызматына дайындалдыңыз. Сиздин негизги аткарган ишиңиз эмнеге байланышкан? Кайсы багытта?


- Мамлекеттик катчылык жалпысынан идеологияга жооп берет. Бул кызмат 2010-жылкы Конституцияга киргизилбей калгандыктан, коомдун айрым бир катмарына түшүнүксүз болуп калыптыр. Болбосо, мындай мартабалуу кресло 2010-жылга чейин иштечү. Эми мамлекеттин руханий-маданий, социалдык тармагын дагы мындан ары мамлекеттик катчы көзөмөлдөйт. Ошондой эле аткаминерлердин этикасын, маданиятын, идеологиялык ишин карайт. 


- Өз ишиңизди эмнеден баштадыңыз?


- Ишти мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасын кабыл алуудан баштап атабыз. Азыр ошону жазуунун үстүндөбүз. Бир-эки жуманын ичинде толук бүтсө, талкууга коёбуз. Анан ал президенттин указы менен бекитилсе, ишке кирет. Ал эми этиканын аткарылышын кайра эле мамлекеттик катчы өз көзөмөлүнө алат. 


- “Мамлекеттик идеология жок же болбосо чаржайыт” деген сөздөр коомчулукта көп айтылат эмеспи. Буга кандай дейсиз?


- Мамлекеттик идеология жок эмес. Ал бар. Болгону сиз айткандай чаржайыт. Системага коюлбаптыр. Мисалы, өлкөдө өтүп жаткан 100, 120 жылдык той-тамашалар бар... Эми мына эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына даярданып атабыз. Булардын баары мамлекеттик идеологиянын негизинде жүргүзүлөт. Ушул жагы тартиптен башталат. Эгер аны катуу көзөмөлгө алсак, ал системага салынып, кайра калыбына келет.


- Сиз бул кызматка кандайча дайындалып калдыңыз?


- Муну президент өзү жеке чечет. Мага сунуш кылынды, баш тарткан жокмун. Иштеп берүүгө дилгирлигимди көрсөттүм. Учурда идеология маселеси оор болуп турганда, президентке жана мамлекетке жардам берүүгө мезгил келди. Сунушка макул болдум. Экинчиден, өзүм дагы 40 жылдан ашуун убакыттан бери идеология багытында иштеп келаткан адаммын. 


- Башында Каныбек Осмоналиевдин мамлекеттик катчылыкка бара турганы айтылып аткан. Ал киши үчүн да бул кызматка сиздин дайындалганыңыз күтүүсүз болгондой...


- Мен ал кишинин ойлоруна комментарий бербейм. Ар бир адамдын өз ою бар. Бирок менин дайындалышым буйрук, бул президенттин жеке тандоосу болду. Чындыгында мамлекеттик катчы болорумду билген эмесмин.


- “Журналист мамлекеттик катчылыкты аркалап кете алабы?” деген суроолор коюлууда. Сиздин пикириңиз?


- Сиз өзүңүз журналистсизби? Менимче, журналист эмес окшойсуз (күлүп). Анткени, журналист – бул идеологиянын төбөсүндө турган адам. Анын башаты калемгерликтен башталат. Мен өмүр бою идеологияда иштеп келатсам, бул кызматты менден башка ким аткара алмак эле? Менин кесибим журналист, өмүр бою...


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн