Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Чолпонбек Абыкеев: Эки жыл чыдаңыздар, 10 жылдан кийин Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет

27.08.2021 14:44
1164
Чолпонбек Абыкеев: Эки жыл чыдаңыздар, 10 жылдан кийин Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет

Эки жыл чыдап бериңиздер, өнүгөбүз. Мындай пикирин Кыргызстандын мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биричи радиого» берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, 10 жылдан кийин Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет.


«Биздин элибиз бизден өтө тез өнүгүүнү талап кылып, бүгүн эле өнүгө калсак деп талап кылууда. Бизге беш жылдын ичинде экономикалык жактан күчтүү өнүгүүгө жол ачылат. 2 жылдан кийин туура жолго түшкөнүбүз көрүнөт. Мына бул 2 жыл кыйналабыз. Аны ачык айтуу керек. Он жылда буйруса, алдыңкы өсүп-өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошулабыз. 10-15 жылдан кийин дүйнөдөгү алдыңкы 10 мамлекеттин катарына жете алабыз», — деди Абыкеев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мырзабек Абликеев
Туура айтыныз ,менин сунушумда бар эл дагы туура тушунсо бир багыт менен ишеним менен кайра кайра революция кылбай кетсек ошондо онолобуз