Кыргыз коомчулугу демократия дегенди түшүнө элек экен. Мындай пикирин Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, демократия деген оозуна келгенди сүйлөө эмес.
"Демократия деген социалдык тармактар аркылуу чынбы жалганбы аны карабай эле оозуна келгенди оттоп жатат. Ал сөздөрү адамдын беделине шек келтирген болушу мүмкүн.
Байкап отурсам, биздин коомчулук демократия дегенди түшүнө элек экен. Демократия деген мыйзамдуулуктун диктатурасы",- деди Абыкеев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн