Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чолпонбек Абыкеев: “Кыргыз улутун жок кылыш үчүн "кертип жемей" күч алды”

09.03.2020 11:32
1007
Чолпонбек Абыкеев: “Кыргыз улутун жок кылыш үчүн "кертип жемей" күч алды”


"Коомдо жашап туруп, коомдон тышкары боло албайсың"- деген Ленин көсөм. Бул кааласак да каалабасак да кашкайган чындык.. Мындан эч кимибиз кача албайбыз. Коомдо жазылган жана жазылбаган мыйзамдар бар. Аны ар бирибиз сактоого жоопкербиз. "Коомдук тартипти бузбаш керек"- деп коюшат. Бул сөздүн ичинде кайсыл тартип экени тизмектелип айтылбаган көп нерсе бар. Маселен "Көчөдө жып - жылаңач болуп кийим кийбей жүрбө. Табарсыгың толсо сөзсүз ажатканага бар. Каалаган жериңде, жол боюнда, бак түбүндө ишиңди бүтүрө бербе. Кумарың ашып-ташып кетсе каалаган жериңде эле эл көзү экен дебей иш кыла бербе."- деп эч жерде, бир да мыйзамда жасылган эмес. Бирок бул жазылбаган мыйзамды барыбыз билебиз, аткарабыз. Мындай жазылбаган коомдук мыйзамдар көп. Аны бузсак жумшагы уят болобуз. Катуусу жаза да алып калышыбыз толук мүмкүн. Ошон үчүн коомдо адамдык касиет сакталат. Коомдук мамиле сакталат. Айбандардан өзгөчөлүгүбүз сакталат. Аны жалпылап коомдук маданият деп коебуз.


Мындай коомдогу жасылбаган мыйзамдарга ар бир улуттун улуттук өзгөчөлүгүнө кирген нарк, салты да кошумча болот. Ошол нарк, салтын сактоо менен улут өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн сактайт. Улуттук жүзүн сактайт.Улуттугун сактайт.


"8- мартта митинге чыккандар "Митингдер өткөрүлбөсүн"- деген мыйзамды эле бузушбастан, коомдогу жазылбаган мыйзамдарды да көзгө илишпегендеринде эмне максат бар?" - деген ой келет. "Жатын меники, аны эмне кылсам өзүм билем"- деп жазып көтөрүп чыгыш демократияны билгизеби? Деги эле ушунча болуп кимдир бирөлөрдөн "Жатының сага тиешелүү эмес."- дегенди кулагым чалып укпагам. Ушул лозунгду көчөгө көтөрүп чыгуу менен аялдардын укугун коргоп жибергендин маанисин деле көрбөй турам. Кейпи түпкү максат башкада болсо керек. Так, ачыктап айтсак батыш тараптан аккан түрлүү таштанды жугундуларды билгизбей биздин коомго кичинеден куйуу менен улуттун улуттук нарк, салтын тымызын талкалап, улутту жок кылууну көздөшкөнү ачык байкалып турат. Адамдагы руханий жан дүйнө өтө назик келет. Ага ар кандай таштанды, жугундуну тындырбай куя берсе жабыркайт. Ооруйт. Анан өлө баштайт. Муну батыштын идеологдору жакшы билишет. Ошондуктан чоң акча төлөп болсо да бир караганда өтө жөнөкөй көрүнгөн жогорудагыдай лозунгдарды көтөртүп чыгарып улуттук "аялуу мээге" тамчыдай тамчылатып аны бузуу аракетин көрүшүүдө.


Көчмөн турмушта жашап, тымызын арамдык, кара өзгөйлүк дегенди аңдай бербеген бизге окшогон улуттар мындай аракеттен жабыркап бир кездеги монолиттей бекем улуттук нарк, салты тымызын бузула баштаганын анчалык этибарга албай келатабыз. "Жүз жыл ичинде дүйнө боюнча ондогон улуттар жок болуп кетиптир"- дегенди көп окуйбуз. Бирок "Кантип жок болуптур"- деген изилдөөлөрдү окубайбыз. Улут деген өзү эле ээрип же чирип жок болуп кетпейт. Аны жок кылышат. Кичинеден билгизбей "кертип жеп" отуруп жок кылышат. Кыргыз улутун да жок кылыш үчүн кичинеден "кертип жемей" көп жылдардан бери уланып келатат. Болгондо да өзүбүздөн чыккан күнүмдүк кара курсак үчүн акчага сатылган арамдар аркылуу иш кылышууда. Эгер улут катары дагы миңдеген жылдарга сакталалы десек. Мына ушуну эстен чыгарбашыбыз керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн