Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчылыкка дайындалганы тууралуу үн катты

02.07.2021 20:15
913
Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчылыкка дайындалганы тууралуу үн катты

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Мамлекеттик катчылык кызматка дайындалган Чолпонбек Абыкеев кызматка дайындалышы тууралуу үн катты.


"Урматтуу элим!

  Пезиденттин мага болгон ишеними менен Мамлекеттик катчылык кызматка дайындалдым. Түшүнөм. Кызматтын жоопкерчилиги чоң. Мезгил да жеңил эмес. Бардык тарабынан кысымга учурап турган кезибиз. Бирок кыйынчылыктар убактылуу. Келечегибиздин кең жана жаркын экенин бекем ишеним менен айта алам. Мамлекетибиз бүгүнкү кризистерди жеңип гүлдөп өнүгө баштаганына күбөө болуучу күндөр алыс эмес. Бүгүнкү бардык тармактар боюнча башталган терең реформалардын жетишкен жакшы жыйынтыгын чогуу көрөбүз.  Мен элимдин акылмандыгына ишенем деп көп жазып жана айтып жүрөм. Учурдагы убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, Президентибиз баштаган иштин келечегине ишенгиле! Бир болсок барын жеңебиз! Бар бололу! Бир бололу!",- деп билдирүү калтырган Абыкеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн