Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чолпонбек Абыкеев Манастын уулу Семетей кино тасмасы тууралуу

02.08.2021 12:23
1324
Чолпонбек Абыкеев Манастын уулу Семетей  кино тасмасы тууралуу


"Манастын уулу Семетей” деген кино тасма тартылып жатыптыр”- деген сөз чыккандан бери коомчулукта уу-дуу кеп жүрүүдө. Бир тарабы тартып жаткандарды “Тарта алышпайт. Дараметтери жетпейт”- дешсе экинчи тарабы “Тартып көрүшсүн.Балким жакшы тартышат”- дешүүдө. Тасманы тартууну баштагандар болсо “Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун колдоосу менен...” – деген сөздү баса белгилеп айтышууда. Мамлекеттин маданий, руханий идеологиясына жоопкер адам катары маалыматты угаарым менен  аталган тасманын сценарийин сураттым да окуп чыктым. Эми сөз кезеги менен болсун.


Биринчи: “Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат.”- деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен Президент менен бул маселе боюнча тактап сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер Президентке киргенде “Манастын уулу Семетей” – деген тарыхый мыкты кино тарткан жатабыз. Россия Казакстан көмөктөшөт. Бары сүйлөшүлгөн”- десе  Президент  “Андай мыкты кино тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз”- деген. Алар менен кошо кирген адам, “Мен тасманы тартууга каржы жагынан  жардам берейин дегем”- десе “Мейлиңиз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз”- деген. Болгону ушул гана сөз. Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй Президент катуу колдоп каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун “Жакшы иш жасаган жатам”- деп кирсе,эмне демек? “Мейли жасаңыз. Жок дебейбиз”- дегендей эле кеп.


Экинчи: Тасманын сценарийи боюнча тартып жаткан Өмүрзак Төлөбеков менен катуу талаш-татыш жараткан сөз болду. Ачык айтуум керек. Сценарийде саясый ката кетип калган. Сценарийдин башында эле калмак,кангайлар Кыргыздарга  бийлик жүргүзүп Көбөштү хан шайлап,  Кыргыздардан салык алып турушкан болушат. Этегине чейин ушундай. Этегинде да Коңурбайга барган кабарчы “Манастын уулу Семетей келип Кыргыздар салык төлөбөй турган болду”- дейт.Бул боюнча Манасчылар деле айтат го мен окуган Сагынбайдын да, Саякбайдын вариянтында да Манас кайтыш болгондон кийин Коңурбай келип Кыргыздарды басып алып салык алганын окубаптырмын. Кино деген бул чек ара билбеген искусство. Эртең бүткүл дүйнөгө “Кыргыздарды калмак кангайлар басып алышып салык алып турган экен.”- деген маалымат кетет. Көбөштү Коңурбай келип хан көтөрбөй эле бош калган хан тактыга өзү келип отуруп алган да. Манастын вариянттарында ушундай эмеспи.Эч кандай сырткы күчтөрсүз эле ички ордо талаш го. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли жерин табышына өтө чоң рол ойногон Каникейдин Тайторуну чапканы жок.


Үчүнчү: Тасмага мамлекет бир тыйын каржы бөлгөн жок. Жеке менчик тараптар аркылуу каржыланып тартылып жаткандыктан “Тасманы тартууну токтоткула”- деп так кесе айта албайм. Себеби, ага мыйзам жол бербейт. Демократиялык мамлекетте жашайбыз. Антсем өз каражатына чыгып жаткан кайсыл бир эркин гезитти “Болду гезитиңерди чыгарбагыла”- дегенге же чыгырма жазып жаткан авторду “Чыгармаңды жазба”- дегенге барабар болот. Болгону мындан ары “Президент колдоп жатат. Президент каржылап жатат.”- деген сыяктуу жалган маалымат таратканыңарды Президенттин атын сатканыңарды токтоткула. Этиканы сактагыла. Эгер тилди алсаңар деги эле бул денгээлде тасманы тартууңарды токтоткула. Тасма начар чыгып калса комиссия түзүп талкуулап туруп Кыргызстанда прокатка чыгарууга уруксаат бербейбиз.”- дедим. Бирок тасма тартылып калса Кыргызстанда биз чыгарбаган менен башка өлкөлөрдө  чыгара берүүгө тарткан тарап укуктуу. Ал жагына биз тоскоол боло албайбыз. Маселе ушунда.  Бир айтаар сөз, “Улуттук баалулуктарды коргоо жөнүндө"- деген мыйзам кабыл алуубуз керек да Кыргыз улутунун нарк-салтына тиешелүү баалулуктарга мамлекет тарабынан атайын чечим чыкмайын ар ким эле өз билгенин жасай берүүсүнө тыйуу салышыбыз керек. Мындан башка жол жок. Юристерге аталган мыйзамды иштеп чыгууга көрсөтмө берилди. Жаңы Жогорку Кеңеш шайланып келгенден кийин кабыл алдырууга аракет кылабыз.


Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн