Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Чолпонбек Абыкеев: Садыр Жапаровдун таянганы - эл

24.11.2020 13:24
2114
Чолпонбек Абыкеев: Садыр Жапаровдун таянганы - эл


Коррупцияга кекиртектен баткан өлкөдө "Коррупцияны жоюп реформа жасайм"- деш, "Тозоктун отун кечем"- дегенге барабар.


Кыргызстан коррупцияга кекиртек эмес төбөбүздөгү чачыбыз көрүнбөй калганча баткан өлкөбүз. Коррупциянын тамыры ушунчалык терең кеткен, башкаруу системасынан баштап коомдук жашоого чейин чырмап алган. Садыр Жапаровдун биринчи катачылыгы өзү бийликке толук отуруп, бардык жагын мыйзамдаштырып алып (Президент болуп шайланып, ЖК шайлоосун өткөзүп) анан "Коррупция менен чындап күрөшөм. Анын түбүнө жетем"- дебей, эртерээк оюн жарыя айтып, коррупцияга жол ачкан Баш мыйзамды эртерээк өзгөртүүгө коюп, баарын батыраак жасагысы келгендигинде.


Байкадыңарбы? Бүгүн буга чейин бири-бири менен саясый жактан эле эмес, кадимки жашоодо да каршылышып, ит менен мышыктай болуп жүргөндөр бириге башташты. Баары жапа тырмак С.Жапаровго каршы иштеп, каралоого өтүштү. Анткени баарынын жанын оорутканы эртең ичкен-жегендерин кайра мамлекетке кайтарыш керек болоору ачык боло баштады. Жеп аткан токочунан айрыла турган болушууда. Көбүн темир тор күтүүдө. Ал эми аларда иштеткенге каражат жетиштүү. "Жакшы төлөсөң иштеп берем. Садырыңа жок жалааларды да жабыштырып жамандап талкалап берем"- дегендер керек болсо кезекте турат. Ошондуктан булар "Биригели да С.Жапаров дегенди жок кылып, мурунку жай жашообузду кайта орунотолу" деген аракетке катуу киришти. Буга чейинки бийлик башына келгендер деле "Коррупция менен күрөшөм аны жок кылам "- дешчү, бирок С.Жапаровчо батыл киришчү эмес. "Жеп ичкениңди кус"- деп кекиртектен алуучу эмес. Башында сөз болуп барып токтоп калчу.  "Бул жолу деле ошондой болот го"- дешкен. Карашса иш башка жагына ооп баратат. Ушундайында чындап киришпесе болчудай эмес. Ошондуктан баары биригишүүдө. Шайлоо үгүтү башталганда С.Жапаровго карата мындан да жаман каралоолорду күтө бергиле. Кулак укпаганды угуп, көз көрбөгөндү көрөбүз.


Так ушундай кырчылдашкан кармаштардан коркуп кетип баш тартып же жеңилип калып канчалаган ак дилден башталган реформалар ишке ашпай калат. Бүгүн Садыр Жапаровдун таянганы бир гана эл. Эгер элге учуру менен баарын ачык жарыялап, элдин күчүнө таянса баштаган реформасы ишке ашып жеңип чыгат. Коркуп кетип элди кайра эле коррупционерлердин колуна салып берсе анда өзү жок болот.

 

 Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Секалиева гульмира мусакуловна!
Садырдын эрки жетет деп ишенем! Бул болуп жаткан окуялар жон жерден болгон жери жок Кудайымдын каалоосу ушундай! Садыр элге озундой ишениши керек!Тагил копостор айласы кетип баштады!
Жумаева Чынар
Чолпонбек Абыкеев туура айтасыз , келгендин баары коррупция менен күрөшөм деп келип эле тымм болот. Соке деле 35 коррупционерди билем күрөшөм деди эле аягында даярдап бергенди чайнай албай кекечтенип ,, ФАКТЫ " сурап калды . Садыр Жапаров ишти түз баштады ишине ийгилик каалайлы ... Колдойлу шайлап алалы...
Таа
Башкасы ел менен емес каршыбы елге.Баары коррупция менен курошом деп айтат.Жапаров еле емес
Замира Джанабаева
Кол топтоо жонундо толук малымат бергиле?