Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чолпонбек Абыкеев кадрдык өзгөрүүлөр боюнча үн катты

12.10.2021 23:11
1327
Чолпонбек Абыкеев кадрдык өзгөрүүлөр боюнча үн катты


Мурдагы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу министрлер кабинетинде болуп өткөн өзгөрүүлөр тууралуу билдирүү жасады. 


Ага ылайык, Абыкеев ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу менен кеткенин билдирген. Анын себеби учурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жердеш экени болгон. 


"Уматтуу достор жана окурмандар, мен сиздерге кадрдык алмашуулар боюнча  кыска түшүндүрмө берип коёюнчу деп жатам. Өзүңүздөр күбө болгондой КР Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр болуп,  Акылбек Жапаров КР Министрлер кабинетинин төрагасы болду. Акылбек Жапаров экөөбүз Кочкор районунанбыз. Бир райондук ага-ини мамлекеттик кызматтын эки башкы бутагына отуруп алганы регионалдык саясатка да, моралык этикага да туура келбей калат. Ошондуктан мен өзүм Президентибиз Садыр Нургожоевичке КР Мамлекеттик катчысы кызматынан бошотуп коюну сурандым.  Анткени мен өзүм мамлекеттик кызматын этикасын сактайлы деп көп айтып жүргөн адаммын. Президент өзүнө кеңешчи болууну сунуш кылды. Макул болдум. Мамлекеттик катчы кызматында аз иштесем да, колумдан келишинче абийирим менен иштеп, өзүмө тагылган милдетти так аткарууга аракеттендим. Аны "КР Мамлекеттик катчысынын 100 күнү" деген отчетумда толук бердим. Баштаган иштеримди улантып аткара берүүгө аракеттенем", - дейт Чолпонбек Абыкеев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн