Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чоң-Алай: Бир нече айылдардын жашоочулары көчүрүлүүдө

04.06.2021 21:28
2487
Чоң-Алай: Бир нече айылдардын жашоочулары көчүрүлүүдө


Ош облусунун Чоң-Алай районунун бир нече айылдардын тургундары көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.


Маалыматка ылайык, тургундарга көчүрүү боюнча маалымат түшкө жакын айтылган. Бирок алар сүйлөшүүлөрдөн абал турукташат деген ой менен анча көңүл бурушкан эмес. Түштөн кийин гана айыл башчы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн соң, жашоочулар буюмдарын жыйный башташкан.


Карамык айыл аймагынын башчысы Абдылла Жакыповдун айтымында, эркектер өз каалоолору менен үйлөрүндө калышууда. Ал эми  Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук жана Шибе айылдарынын тургундары Дароот-Коргондогу мектепке көчүрүлүүдө. Учурда абал туруктуу, айыл тургундары коопсуздук үчүн гана чыгарылып жаткандыгын белгиледи.


Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кырдаалды толугу менен көзөмөлгө алып, жергиликтүү жарандарды эвакуациялоону жеке көзөмөлүнө алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн