Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча аким түшүндүрмө берди

19.05.2021 12:08
2002
Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча аким түшүндүрмө берди

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу, эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин аныктала элек бөлүгүндө болушуна жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындай пикирин  Чоң-Алай районунун акими Өскөнбай МамажакыповTurmush басылмасына билдирген. 


Анын айтымында, эки тарап чек ара кызматкерлерин талаштуу  аймактан алыс кармоого келишкен. 


"Чоң-Алай району менен Тажикстандын чек арасында 1010 гектар аянтты ээлеген, демаркация жана делимитация жол-жобосунан өтпөгөн жайыт бар. 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталарга ылайык, аймак Тажикстанга таандык. Бирок биздин жарандар жайытты пайдаланышкан. Демаркация жана делимитация процедурасы жүргүзүлбөгөндүктөн, Тажикстандын аскер кызматкерлери чек аранын талаш бөлүгүн алыстан көзөмөлдөп турушкан. Эми алар жакын келип, көзөмөл жүргүзүп жатышат. Калк арасында туура эмес маалыматтар таратылууда. Чек ара заставаларынын башчыларынын жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар аскер кызматкерлери чек ара тилкесинен алыс кармалат",- деди аким.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Темирлан Сыргабаев й
Тажик озбек деген барбы озуу таркта