Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чоң-Алайда аңчылыкка чыккан кишини көчкү басып калган

Чоң-Алайда аңчылыкка чыккан кишини көчкү басып калган

Чоң-Алай районунда дайынсыз болгон жаранды табуу үчүн 22 милиция кызматкер тартылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, 2023-жылдын 6-февраль күнү саат 00:30 чамасында, Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда Чоң-Алай районунун тургуну 27 жаштагы Ж.А., аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган.  

Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде, ошол эле күнү саат 05:25 чамасында Ж.А., жансыз денеси көчкү жүргөн кардын астынан табылган.


Аталган ыкчам издөө иш-чараларга Чоң-Алай РИИБдин 22 кызматкери, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин жана жергиликтүү тургундардан 50 жакын жергиликтүү тургундар тартылган.    


Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 6-февраль күнү саат 10:30 чамасында, Чоң-Алай районунун тургуну, 27 жаштагы Ж.А., Чоң-Алай РИИБдин уруксат берүү тутумунда каттодо турган өзүнүн сайсыз 16 калибрдеги бир найлуу ок атуучу куралын алып, ошол айылдын беш мергенчиси менен карышкыр атуу үчүн Чоң-Алай районунун Кулчу айылынын тоолоруна барышып ал жерде жолду кыскартуу максатында, Ж.А., мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун баскан жолдон узундугу 300 метр, туурасы 50 метр кар көчкү жүргөндүгү аныкталган. 


Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин маалыматык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн