Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

“Чоң-Алайдагы жер Тажикистанга өтүп кетти” деп маалымат тараткан блогер табылды

06.10.2023 14:11
735
“Чоң-Алайдагы жер Тажикистанга өтүп кетти” деп маалымат тараткан блогер табылды


“Чоң-Алайда "Алтын-Мазар" тилкеси Тажикстанга берилип кетти" деп маалымат тараткан блогер табылды. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.


Маалыматка караганда, укук коргоо органдары ал Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган аял экенин аныктаган. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.


"Чоң-Алай районунун аймагына тиешелүү эч кандай жер тилкеси Тажикстанга берилген эмес, тынчсызданууга негиз жок. Жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырабыз", — деп жазды акимчилик.


Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Тажикстанга Оштун Чоң-Алай районундагы жерлер (Алтын-Мазар) өттү деген маалымат тараган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн