Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чоң-Ашууда жол убактылуу жабылды

03.05.2023 11:42
225
Чоң-Ашууда жол убактылуу жабылды




Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 30-50 см кар жаап, бороон болуп, азыркы тапта жол убактылуу жабык. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Бороон басылар менен №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдун 74-85-чакырым аралыгын кардан тазалоо иштерине киришет. 


"Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат. Азыркы тапта каттам бар. Жолдун 120-135-чакырым аралыгы кардан тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө. 


Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 430-537-чакырым аралыгында бороон болуп жатат. Жолчулар 30-40 см жааган карды тазалап жатышат. Каттам бар. 


Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусунда учурда кар жаап жатат, кардын калыңдыгы 40 смге чейин жетет. Жолдор ачык, каттам бар. 


Өлкөнүн башка жолдору менен ашууларында жол ачык",- деп айтылат билдирүүдө.


Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилет. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн