Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 06:23
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Чоң Чүй каналына агып кеткен 5 жаштагы баланы издөөгө 26 куткаруучу тартылды

13.08.2020 11:03
1126
Чоң Чүй каналына агып кеткен 5 жаштагы баланы издөөгө 26 куткаруучу тартылды


Чоң Чүй каналынын Бишкек шаарындагы бөлүгүнө агып кеткен 5 жаштагы баланы издөө үчүн 26 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү Биринчи Май районун Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 2015-жылы төрөлгөн кичине бала чөгүп кеткен.


Бүгүн, 13-августта издөө иштерин улантуу максатында саат 06:45те жалпы 26 куткаруучу тартылган.


Белгилей кетсек, буга чейин Чоң Чүй каналында 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы айтылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн