Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү 9-күн дегенде табылды

18.08.2020 13:25
935
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү 9-күн дегенде табылды


Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 10-август күнү түшүп кеткен 5 жашар баланын жансыз денеси бүгүн, 18-августта табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына эртен мененки 8дер чамасында ойноп жатып чөгүп кеткен 5 жаштагы наристени издеп табышты.


Жалпысынан издөө иштерине ӨКМден 21 куткаруучу тартылган. Наристени издөө иштери өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүнө алынып, издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүүдө зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ыкчам аракеттерди көрүүнү тапшырган.


Куткаруучулар жансыз денени суудан чыгарып, ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн