Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы издөөгө 42 куткаруучу тартылды

14.08.2020 09:35
832
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы издөөгө 42 куткаруучу тартылды

 

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы 42 куткаруучу издеди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү Биринчи Май районун Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 2015-жылы төрөлгөн кичине бала чөгүп кеткен.

 

13-август күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 42 куткаруучу тартылган . Саат 20:20да издөө иштери убактылуу токтотулган. 14-август күнү издөө иштери улантылат.


Белгилей кетсек, буга чейин Чоң Чүй каналында 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы айтылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн