Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эркек киши менен аял кишини издөө иштери улантылат

17.07.2020 09:49
1171
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эркек киши менен аял кишини издөө иштери улантылат

 

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эркек кишинин сөөгүн издөө уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда 15-июль күнү Патриса Лумумбы көчөсүндө ЧЧК (БЧК) каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.


Ошондой эле, Чүй районунда 13-июль күнү Алга айылындагы ЧЧК (БЧК) каналына 1979-жылы туулган аял киши түшүп кеткен.


Бүгүн, 17-июлда дайынсыз болгон эки адамды тең издөө иш-чаралары улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн