Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү 19 күндөн кийин табылды

25.07.2020 10:25
823
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү 19 күндөн кийин табылды


Бишкек шаарында Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына (ЧЧК) түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи май районундагы каналга 5-июлда 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. 24-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 10:30да Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 2 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылган.


Издөө иштеринин натыйжасында Совхоз-Фрунзе айылында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн