Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 41 жаштагы аялдын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй районунда 13-июль күнү Алга айылындагы каналга 1979-жылы туулган аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүү максатында жерине ӨКМдин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.
Бүгүн, 14-июль күнү издөө иш-чаралары улантылынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн