Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:23
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Чоң Чүй каналынан аялдын мүчөлөнгөн денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелген жаран Россиядан кармалды

Чоң Чүй каналынан аялдын мүчөлөнгөн денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелген жаран Россиядан кармалды

Жиликтенген сөөгү Чоң-Чүй каналында табылган аялдын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү Россиянын Ханты-Мансийск шаарынан кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 14-октябрда Сокулук районунда жайгашкан ЧЧК суусунан зомбулуктан каза болгон адамдын сөөгү табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө агымдын жогору Бишкектин аймагынан сөөктүн калган бөлүктөрү табылган.

15-октябрда аталган факты боюнча райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошентип, табылган сөөк аялга таандык экени аныкталып, бирок жансыз дененин бузула баштаганына байланыштуу аялдын өздүгү белгисиз бойдон калган.

Белгиленгендей, коомдук жаңжалга алып келген өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу үчүн эң тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер жана тергөөчүлөр тартылган.

Кийин өлтүрүлгөн аялдын өздүгү такталган, ал 1974-жылы туулган, учурда Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашаган жаран Х.М. болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран Х.М.ны өлтүрүүгө анын күйөөсү 1968-жылы туулган А..нин катыштыгы бар экенин аныкталган. Кылмышка шектүү кылмышынан кийин Россияга кетип калып, ага байланыштуу издөө жарыяланган.

Ошентип, 2022-жылдын 25-ноябрында жөнөтүлгөн багыттамага ылайык, Россиянын Ички иштер министрлигинин Ханты-Мансийск шаарындагы кызматкерлери тарабынан А.И. кармалып, камакка алынган. Учурда аны Россиядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат жана кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн