Бишкектеги Чоң Чүй каналында европа улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда 1-июль күнү саат 21:25те П.Лулумба көчөсү менен кесилишкен жерде Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын жансыз денеси агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар европа улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен (өздүгү такталууда).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн