Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Чоң Казатты” колдоп “Ак үйдү, 120 депутатты өрттөп салыш керек” деген жаран аныкталды

22.06.2020 18:08
859
“Чоң Казатты” колдоп “Ак үйдү, 120 депутатты өрттөп салыш керек” деген жаран аныкталды


WhatsApp мессенджери аркылуу “Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды 120 депутат менен” деген аталыштагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө тараткан жаран 17-июнь күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча КЖБРге катталды.


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал “Чоң Казат” кыймылын колдогон, учурда Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран экени аныкталды.  

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, бул адамды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги атайылап жалган маалыматтарды тараткандар мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат турганын эскертти.

Ошондой эле ИИМ жарандарды интернетте, WhatsApp мессенджеринде кандайдыр бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу малымдоого чакырды.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн