Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:33
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чоң энеси үйдө уктатып, үй иши менен алек болгон. Токмокто 6 айлык ымыркай өрттөн улам көз жумду

Чоң энеси үйдө уктатып, үй иши менен алек болгон. Токмокто 6 айлык ымыркай өрттөн улам көз жумду

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу  Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Токмок шаардык милициясына Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы У.А. аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумуштарын менен алектенген.

“Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги бөбөк өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн” , - деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн