«Чоң казат» аттуу кыймыл пайда болуп, ал интернеттеги социалдык түйүндөрдө бат эле кеңири белгилүү болуп чыга келди. «Мамлекеттен уурдап байыгандардын байлыгын кайра тоноо» деген чакырык басымдуу интернет колдонуучуларга жагып турат.
Айтып коюу керек, мамлекеттик жогорку кызматтарды кайсы бир жылдар аралыгында ээлеп туруп, мамлекеттин эсебинен байып алгандарга карата карапайым жашаган калктын нааразычылыктары жылдардын түрмөгүндө улам күчөп келатканы чындык. Бирок, бүгүнкүдөй ал ачык чакырыктар менен коштоло элек болчу. Коронавирус пандемиясынан улам күнүмдүк кирешелеринен ажырап, үйүндө отуруп калган калктын абалын «Чоң казатчылар» эң туура пайдаланып кетишти. Азыркы тапта айрым үй-бүлөлөрдүн азык-түлүгү ныпым түгөнүп отуруп калганын да жашыра албайбыз. Ачка калган адамдын көзүнө май чайнап отурган адам кантип жакшы көрүнмөк эле.
Мына ушундай атмосферада жогорку мамлекеттик кызматтарда мурда иштегендер, азыр да иштеп жаткан чиновниктердин, депутаттардын тизмесин түзүп, аларды коррупционерлер деп жарыялап жиберүү «чоң казатчыларга» азырынча утуш алып келүүдө. Анан алар өздөрү коррупционерлер деп жарыялагандардын мүлктөрүн текшерүүнү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып текшертүүнү эмес, карапайым элдин колуна тапшырууну сунуштап салышты. Ал тизмедегилердин үйлөрүнө барып, «Мамлекеттен уурдаган миллиондорду кайра кайтарып бер» деген талапты коелу деген чакырык жасалууда.
««Чоң казатка» чыгалы» деген чакырыкты адеп Сыймык Жапыкеев аттуу экс-прокурор айтып чыкты. Ал өзүнүн жашаган батиринин «кухнясына» отуруп алып, YouTube блогу аркылуу «кыргыздар бардык ууру-коррупционерлерди таанышы керек» деп, он миңдеген адам болуп чогулуп, депутат Кубанычбек Жумалиевдин үйүнө нотариусту ээрчите барып, «Кыргызстандын Кытайга бере турган карызын төлөп кой» деген талапты коелу деди. Жапыкеевдин айтымында Жумалиевдин байлыгы 2,5 миллиард АКШ долларынан ашат. Демек, Кытайга бере турган карызды төлөөгө жетет.
Мындай чакырыкка ошол замат эле Жумалиев да, анын жубайы, эл артисти Роза Аманова да реакция жасап чыкты. Жумалиев дароо эле Жапыкеевдин үстүнөн ИИМге арыз жазып, сотко да кайрылып, ар-намысына шек келтиргендиги үчүн 10 миллион сом талап кыла турган болду.
Бирок, ушул жерде Жапыкеевдин өзүнө бериле турган суроолор да бар. Эмне үчүн ал «Чоң казатты» дал ушул Жумалиевден баштады. Ага чейин Исхак Пирматов, Тайырбек Сарпашев тууралуу да өтө катуу айтып жатпады беле? Же Жумалиев анын (Жапыкеевдин) атасынын карындашынын 20 жыл мурда ажырашып кеткен күйөөсү, учурда КГУСТАнын профессору болуп иштеген экс-жездесине жаздырып койгон мүлктөрү үчүн биринчи кадамды ушул жактан баштадыбы? «Эжем менен ажырашып кеткен кандай болорун көрсөтөм» деген кек эмеспи?
Экинчиден, Жапыкеев «Манас деген болгон эмес, ушул Манас айткнады токтоткулачы, ал колдобойт, эч ким эмес» деп жатып эле, анан кайра Айкөл Манастын «Чоң казатын» бетке кармап чыга калганына эмне себеп болду?
«Чоң казаттын» жетекчилеринин жана идеологдорунун бири – Максат Мамытканов аттуу коомчулукка өтө кеңири белгилүү эмес жаран. Ачык маалымат булактарында анын 1997-2007-жылдар аралыгында Улуттук коопсуздук кызматында иштегени, алтургай ал жерде экономикалык контрчалгындоо башкармалыгынын да жетектей калганы жазылып жүрөт. Атайын кызматтан эмне себептен кеткенин Мамытканов өзү эч жерде ачык айткысы келбейт, жөн гана «жетекчилик менен принципиалдуу позиция боюнча келише албай кеткем», «мафия менен иштешүүнү каалаган жокмун» деген сыякту жалпылаштырылган жоопторду айтат.
Ал эми анын узак убакыттан берки жакшы таанышы Сыргак Абдылдаев Мамыткановду УКМКдан «жакшы эмес иши» үчүн «кууп чыгышкан» деп 2016-жылы маалымат каражаттарынын бирине жазып чыкканын билебиз. Абдылдаевдин деле өзүнүн таржымалы чуулгандуу экенин эске алганда, анын жазгандарына деле толук ишене берүүгө болбойт.
Мамытканов атайын кызматтан кеткенден кийин 2007-2010-жылдары коллектордук компанияда директор болуп иштейт. Ал эми апрель революциясынан кийин «Альфа-Телеком» ЖАКсында коопсуздук боюнча директору болуп кыска убакыт иштеп, андан ары Consulting Media ЖЧКсына директорлук креслого отурган. Бирок, ал кызматты канча убакыт аркалаганы, андан кийин кайда эмне жумуш кылганы боюнча маалыматтар жок. Азыр ал кайдан тапкан кирешесине үй-бүлөсүн багып жатканы да белгисиз.
«Чоң казаттын» үчүнчү активдүү катышуучусу – бул белгилүү адвокат Канат Хасанов. Анын кимдерге адвокаттык кылганы, ишмердүүлүгү жана жеке мүнөзү кандай экендиги тууралуу да ачык маалымат булактарында көп эле жазылган.
Мына ушул үчөөнөн тышкары «Чоң казатта» буга чейин эч жерде аты-жыты билинбеген сырткы көрүнүшү славян тектүү жаш кыз жана Жаныбек аттуу врач-хирург бар.
Эми бул «Чоң казат» кыймылы чындап эле мамлекетибизди талап-тоноп байып келишкен коррупционерлерге каршы түзүлгөн кыймылбы же башка саясий кызыкчылыгы барбы деген суроо бар. «Кухнядан» чыкпай отурган Сыймык Жапыкеевди ким багып жатат? Деги эле бул кыймылды кимдер каржылоодо?
Айрым маалыматтарга караганда, «Чоң казат» Атамбаевдин колдоосу менен Урмат Барыктабасовдун долбоору. Мындай версия кыймылдын лидерлери Ысык-Көл облусунан чыгып жатканынан улам пайда болсо керек.
Дагы бир версия боюнча – бул бийликтин долбоору. «Чоң казаттын» арты менен бийлик өз алдынча, бийликке көз карандысыз байларды басымга алып, алардын ордуна өздөрүнө ылайыктуу жаңы байларды пайда кылуу.
Ал эми «Чоң казаттын» лидерлеринин айтымында алардын артында эч ким жок. Жөн гана элдин кызыкчылыгын көздөп жатабыз дегендей кылышат. Бирок, жакында эле Максат Мамытканов YouTube каналынан парламенттик шайлоого барыша турганын ачык айтты.
Көрсө, алардын бул аракеттери парламенттик шайлоонун алдындагы пиар-жүрүш болчу тарбайбы деген да коомдук пикирлер Мамыткановдун ачык билдирүүсүнөн кийин жаралганын айта кетели. Ошондон кийин анча-мынча ишеним да азая түшкөндөй болду. Бирок, азырынча алардын кайсыл партиянын алдыңкы тизмесинен орун алып калышаары белгисиз. Балким, Мамытканов да өздөрүнүн аракеттери эл интернет колдонуучулары тарабынан көбүрөөк колдоо таап жатканынан улам парламенттик шайлоого бара турган олигархтарга «Биз менен барсаңар жеңишке жетесиңер» деген белги берди окшойт.
Ошентсе да азырынча «Чоң казаттын» колдоочулары арбын. Эгерде булардын аракеттерине укук коргоо органдары азыркыдай эле көңүл кош мамиле жасоону улантса, анда кедей жашагандар чындап эле байлардын үйлөрүнө чабуул жасай тургандай кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Ошондо өлкөбүздө байлар менен кедейлердин чабышы башталат. Анын арты хаоско айланышы мүмкүн.
Демек, бул жерде мамлекеттик бийлик «Чоң казатчылардын» сунуш, демилгелерин өз колуна алуу мүмкүнчүлүгү бар. Чындап эле акыркы 29 жылдан бери мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп олигархка айлангандардын баарынын мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун ачык текшерүүгө алуу керектир. Мындай ишти мамлекет өзү жасаса, анда бийликке элдин ишеними да бекемделет. Ошол эле убакта мамлекеттин эсебинен байып алып, тынч жашай берүү мүмкүн эмес экендигине да ишеним пайда болот эле.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (1)