Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Чубак ажы Жалилов: Мечитибизди обсервацияга берүүгө даярбыз

04.07.2020 14:53
2104
Чубак ажы Жалилов: Мечитибизди обсервацияга берүүгө даярбыз

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, зарыл болсо мечитти обсервацияга имарат катары берүүгө даяр экенин билдирди. Төмөндө Чубак ажынын билдирүүсүн өзгөрүүсүз сунуш кылабыз:


-          - Пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде: "Ким жалпы элдин көйгөйүн өзүнүн көйгөйү деп билбесе ал бизден эмес!" деп айтылган.


Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү!


Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.


Мечитибизде быйыл толук ремонт болгон: акталып, сырдалган. Ичинде кондиционерлери бар. Дааратканасы сыртта. Жылуу суусу бар. Централдык канализацияга кошулган.


Дарыгерлерге ылайыктуу дааваткана кабинети бар. Тамак жасап ичкенге ылайыктуу дагы бир кабинет бар.


Ибрахим (алейхи салям) пайгамбарды отко салган учурда ар ким колунан келген аракетин көрүп куткаргысы келип жатса бир чымчык оозуна суу толтуруп барып отко төгөт. Аны көргөндөр күлүп: "Ай, сенин ошол сууңа ошончо от өчөбү?" - десе, "Аны билбейм бирок мен колуман келген аракетти кылып жатам. Ар ким колунан келгенине жооп берет" - деген сыңарындай биздин дагы колубуздан келгени ушул.


Аллах Таала элибизди ар кандай балээлерден, оору-кырсыктан сактасын!


Бир тууганыңар Чубак ажы Жалилов

04.07.2020

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Кудайым ушундай алымдарды бизге бергенине шугур. илимдуулор коп болсун.