Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чубак ажы Жалилов каза тапты

11.07.2020 07:07
1733
Чубак ажы Жалилов каза тапты


 

Белгилүү динаятчы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов пневмония илдетинен улам 45 жашында дүйнөдөн кайтты.



Маалыматтарга ылайык, Чубак ажы Жалилов бүгүн, 11-июлга караган түнү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилген.

Буга байланыштуу ага кычкылтек концентраторунан экөө дароо туташтырылган. Дарыгердин айтымында, бейтап ооруканага түшкөндөн бир сааттай убакыттан соң көз жумган.

Чубак ажы өпкөнүн сезгенүү оорусуна кабылып, буга чейин үйүндө дарыланып жатканы айтылган.

Ал Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда туулган. Кыргызстандын муфтийи болуп 2010-2012-жылдары кызмат кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн