Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чубак ажы Жалиловдун акыркы макаласы. Анда ким тууралуу жазган?

20.07.2020 09:40
3263
Чубак ажы Жалиловдун акыркы макаласы. Анда ким тууралуу жазган?


Мурдагы муфтий, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ооруканага барардын алдында 10-июлда жазган макаласы жарыяланды.


Анда Жалилов дүйнөдөн өткөн Бишкектин казысы Молдо Садриддин ажыны эскерип, өзү да ал жайга барууну самап турганын билдирген.


Шакирттеринин айтымында, Чубак ажы ушул макаласынан кийин өзүн жаман сезип, достору ооруканага алып кетишкен.


Төмөндө Чубак ажы Жалиловдун эң соңку эскерүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:


"Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.


Тирүүсүндө олуялардын тирүү үлгүсү болгон маркум Азирети Абдусаттар ажы устазыбыздын өрнөгүндө жашаган, өзүндөй мукам кыраат кылган, ошол илгертен бери теспенин таштарындай бир кылка такыбалыктын таасиринен чыкпай келаткан санжыргалуу тукумдун туусу болгон, бийлик менен адамдардын денесине эмес, илим-ыйман менен пенделердин жүрөктөрүнө аруулук менен асылдыктын нурун чачкан берекелүү улуу очоктун дагы бир мураскери Молдо Садриддин ажы, чын жайга, такыбалар барганга шашчу жайга (ушул тапта өзүм да самап турам ошол жайды), кылган ибаадат менен ыкыластын ыраатын көрөөр жайга кетти.


Аалымдар Пайгамбарлардын мураскорлору. Садриддин дамла Пайгамбардын ак мураскору, жүздөгөн хадистерди жатка айткан, кутуб ас ситтадан дарс айткан, медресе кармаган, кармап эле тим болбостон машайыктыгын кошо кармаган, аалым болуп магдырабастан, акысын берип тээ багымдаттын алдынан баштап куптандан кийинки убакытка чейин таалим, музаакара, тадристен колу бошобогон жан эле.


Пайгамбарыбыз алейхис салам айткан: “Мен көркөм адеп ахлакты толуктоо үчүн жиберилдим!”. Садриддин дамла устазым көркөм адеп ахлактын ээси эле. Бирөөгө бир катуу айтканын уккан эмесмин...


Бир жолу борбордук мечиттин шыбынан суу өтүп жатыптыр, эмнеге Бишкек каазысы Садриддин дамла оңдотүп койбойт деп, дарстарымдын биринде олуттуу түрдө сын айткам. Ал сынды Насаат медианын жарым миллиондон ашуун катталуучусу угуп, алар дагы эки үчтөн адамга жеткиргенде, укпаган адам калган эмес. Молдо Садир шыбын ондотмок түгүл, борбордук мечиттин устун толук жаңы жаптырып, “Молдо Садир ачуусу келип сизди урушту!!!”, деп айтып койгула дептир мага. Элге жарыя кылбай жеке айтса деп ачууланса керек. Ушунчалык деңгээлде ачууланат эле...Эми анчалык жарыя айтпасаң, балким толук жабылбастан, шыптын ошол эле жери бүтөлмөк го деп ойлоп калам.


Молдо Садир досум өтө ишээнчек адам эле. Ким эмне айтса деле “шондойбу!”, деп ишенет эле. Бир жолу бей тааныш эле бирөө телефон чалып, “Мен Баланча дегенмин, мени тааныйсыз дамбылда. Мага азыр өтө зарыл ушул буюм керек болуп турат, такси жиберем, берип жибериниз?, деп айтса, кайран казыкем шымаланып таксиге буюм жүктөп жүрсө, ал кишинин кенешчиси, бир тактап коеюн деп сураса таксист өзү качып жок дейт..Көрсө жөн эле бир шылуундар ошентип элди алдап жүрүшчү экен.. Ушундай ишенчээк жан эле...


Садир дамлам экөөбүз устаз-шакирттиктен сырткары дос дагы элек. Достугубузду көралбагандар көп болду. Бир жолу ичинде кутуму бар бирөө мага келип, “Сиз кайсы бир жыйналышта үндөбөй эле олтуруп берсеңиз, Молдо Садридиндин ордун алып беребиз!?” деп жыландын башын кылтайткан. Дароо эле так кесе жок дедим. Молдо Садирге да дароо айттым. Анткени алардын жаман ниети ишке ашканын каалаган жерим жок эле. Молдо Садирге да ушуга окшогон жарамсыз нерселерди айтышып, бизди араздаштырганга аракет кылышчу. Биздин достугубуз дайыма сакталуу кала берди... Кудайым Өзү шерменде кылбасын...


Садир дамлам! Сизди Азирети Абдусаттар ажы устазыбыздын жанына жерлегени кичи мекенге алып кетишти. Тирүүлүктө деле, башкасында деле коңшунун жакшы болгону жакшы эмеспи.... Сизди өзүм жакшылап жууп, аруу кепиндеп, аспиеттеп колдонгон “ууд камбуудий” атырымдан себелеп узатсам жакшы болоор эле...Бирок мен азыр камактамын. Жөн үкөл менен асма үкөл, мурунга тыгып дем алчу үкөл менен, кургатып курут кылынган таблетка үкөлдөрдүн камагындамын. Сүйлөйүн десем оозум толо жөтөл... колум менен бирдеме чиймегилеп, ошону менен коштошуу кебимди айтып жаткан кербезим.


Казыкем! Пайгамбарыбыз алейхис саламга салам айтыныз. Мен үчүн да бир кучактап коюңуз. Кандай бактылуу пенде элеңиз...Ал затты көргөндө, учурашканда бардык чарчоолоруңуз кетет....өзүңүз өмүр....


10. 07. 2020-жыл".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абсатарова Гулзада.
Аллахым Чубак Ажыбыздын жаткан жерин жайлуу кылып,бейиштин торунон орун берсин.Чексиз мактоого татыктуу.Элге-журтка эсепсиз байлык ,мурас калтырып кетти.Эл баары Ажыкебизден ыраазы...Ушундай насаатчы атабыз болгонуна Кудайга мин мертебе шугурлор болсун.Мындан ары элибиз иншааллах онолот...Мындай адам кайталанбаса керек 100жылда да.Аллах раазы болсун алтын адам эле...Насаат медиага дагы чон рахмат ,мындан ары дагы элге пайдалуу маалыматтар менен болушуп,оркундоп-осо бериниздер...