Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 18:47
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Чубак ажы билими терең, өрүшү кенен, ар тараптуу инсан эле

28.02.2024 17:01
8530
Чубак ажы билими терең, өрүшү кенен, ар тараптуу инсан эле


Кийинки кезде “Чубак ажыга абдан жакын элем, сырдаш элем” дегендер көбөйүп кетти. Бирок мен бул кыргызга сейрек жаралган инсан менен алгач кызмат боюнча, кийинчерээк жөнжай деле саламыбыз түз болуп, ага-ини катарында мамиледе болуп жүрдүк. 


Мен 1999-жылы КР өкмөтүнүн алдындагы дин комиссиясын жетектеп калдым. Ошол жылыбы, же кийинки жылыбы, так эсимде жок, Мекке шаарында ажылык боюнча бардык мусулман мамлекеттеринин дин министрлеринин (айрымдарында ажылык министрлиги) кеңешмеси болуп калды. Ошондо раматылык Мураталы ажы котормочулукка ушу Чубак ажыны сунуштап калды. Ал кезде Чубак ажы Меккедеги окуусун бүтүп келген беле, же акыркы курстабы, так эсимде жок. Ага чейин мага Муса аттуу даргин жигит бир-эки жолу котормочулук кылган эле, анын арабчасы канчалык экенин биле албайм, бирок орусчасы начар болчу. Ал кыргызчаны начар билгендиктен арабчаны орусчалап берчү. Ошондуктан шакылдаган, чакан, чыканактай болгон Чубак ажыны көрөр замат көңүлүмө толду. Тим эле автоматтай которот. Арабдар кызык эл болушат, “кечки саат 10до чогулуш башталат” деп койгону менен түнкү 12 же 1-2ге чейин да башташчу эмес. Чубак ажыдан “сен билесиң да, бул эмнеси?” десем, аны-муну мисал кылып, күлдүрүп жиберер эле. Ал кеңешмеде негизинен квота чек арада же аэропорттогу Каролдук жыйындар тууралуу болгонун билем. Малайзиялыктар ажыга барып келмейин эркеги аял албай, аялы эрге тийбейт экен, ошондуктан аларда ажылыкка кезекке тургандар жүз миңдеп узак болуп, жашы отуздан ашса да үй-бүлө куралбай жүрүшөт. Алар “куранда квота деген жок, муну ким ойлоп чыгарган?” деп маселени кабыргасынан коюшкан. Жообу: “Ажыга барып келмейинче “эрге тийбе, аял алба деген да Куранда жок”, муну жойгула, ал эми квота керек. Болбосо азыр Меккеде мурда-кийин келгендер болуп 4 миллионго жакын адам бар, алардын тамагы, транспорт, жатаканасы ж.б. эптеп жетишип жатабыз. Эгерде квота болбой 5-7 же 10 миллион адам келип калса, анда Меккени тепсеп кетпейби” деп кенен түшүндүрүштү. Чубак ажы шакылдатып которот, капталдан кошулгандардыкын да көз ачырбай которуп берет. Бул жагынан котормочулук адистиги боюнча да профессионалдардан кем эмес эле. 


Дагы бир жолу Чубак ажы менен Алматыга Сауд падышалыгынын элчилигине барганыбыз эсимде. Ал кезде ажылыкка барыш үчүн (бизде алардын элчиликтери жок болгондуктан) визаны Москва, Алматы, Душанбеден ачтырып келишчү. Ажы башчылары чемодандарга паспортторду толтуруп алышып, “виза ачтырабыз” деп эле самсып жүрүшчү. Биз ушуну Алматыдагы элчилик менен сүйлөшүп, “бизге, Бишкекке эле виза ача турган адистерди жибербейсизби?” деп суранганы барганбыз. Барардан бир күн мурда ал кездеги абройлуу тышкы иштер министри М.Иманалиев менен аңгемелешип калдым. Ал “мейли эми, элчи менен жолугушууну белгилеп алыпсынар, барып келгиле. Бул биздин компетенцияга кирет, виза ачканга Сауд Арабиянын консулун бизге эле чакырып берем” деди.


Алматыга бараткан узак жолдо Чубак ажы менен узак аңгеме-дүкөн куруп бардык. Тышкы иштер министри менен болгон кепти айтсам, ал да кубанып, “мурда билбей эле кыйналып жүрүппүз” деп калды. Иши кылып, биздин Алматыга баруубуз орустар айтмакчы “визит вежливости” болуп калды. Анда Чубак ажынын арабча такалбай шыр, эне тилиндей сүйлөшү, шакылдатып кыргызчага которушу элчини да таңкалтырганын байкадым. Эң кызыгы, мен жай сүйлөсөм, жай которот, мен үнүмдү көтөрсөм, ал да көтөрүңкү тон менен которот. Алдын ала мен сүйлөй турган сөздү жаттап алгандай. Мен дин комиссиясынан кеткенден кийин да айрым бир маселелер боюнча кайрылышып, ага-инидей мамиледе болдук. 


Ошентип Чубак ажы мага болгон мамилесин кийин Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи болгондо да мурдакыдай эле улантты, кайсы бир иш-чараларда жолугушуп, чогуу болуп калдык. Баягыдай эле абдан элпек, тура калып, төргө өткөрүп дегендей. Мен “Чубак ажы, сиз азыр окууну жаңы аяктап келген жаш адис эмессиз, муфтийсиз. Кыргызстандагы жалпы мусулмандардын атасысыз, сиз отуруңуз” десем да болчу эмес. Ал “анын жол-жобосу бар. Биринчиден, сиздин жашыңыз улуу, экинчиден, сиз биздин төрагабызсыз” дейт эле. “Ой, Чубак ажы, мен төрагалыктан кеткениме 4-5 жыл болду го” десем, ал “көп мамлекеттерде, айталы, Америкада депутат, министр болгон адамды кызматы аяктагандан кийин да өмүр бою депутат, министр деп кайрылышат, биз да ушинтишибиз керек” дейт эле. 


Ушул жерде дагы бир белгилеп кете турган нерсе, Чубак ажы китеп окуу жагынан алдына эч кимди салдырбайт болчу. Ал адистиги боюнча дин жаатындагы улуу аалымдардын китептерин баш кылып, биздин жазуучулардын, айрым кепке илинген кыргызстандык окумуштуулардын эмгектерин да калтырбай окуйт эле. Бир жолу телефон чалып, “Жолборс аке, баланчаевдин жаңы китебин окудум, абдан жакшы экен, эмнеге кыргызча эле жазбайт, же Орусиянын орустары үчүн жаздыбы? Бизден башка ким окуйт аны? Орустардыкы өзүнө-өзү жетишет да. Сиз үзөңгүлөш жүрөсүз го, айтып койбойсузбу?” дегени эсимде. “Кантип айтайын? “Чубак ажы ушинтип айтты” дейинби, же өз атыман эл айтайынбы?” деп тамашага чалсам, “менин атыман деле айта бериңиз, биз кайда жашайбыз, Орусиядабы же Кыргызстандабы?” дегени бар. 


Чубак ажы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын баарын окуп, учуру келгенде алардан айрым бир мисалдарды келтирип айтканды жакшы көрөр эле. Айрыкча анын “Кылым карыткан бир күн” деген романындагы Эдигейдин образын өзүнчө чечмелечү. Анын аялынын балыктын кайсы бир түрүнө талгак болушу, аны Аралдын ортосуна барып кармап келиши, же Казангапты ата-бабалардын бейитине коюшка жасаган аракеттерин Чубак ажы өзүнчө чечмелеп, өзүнчө түшүндүрөр эле. Аны жалпы адамзаттык баалуулуктар жана ислам дининин алкагында өзүнчө кеп кылууга арзыйт.


Мени агам Рустам 8-9 жашымда айылыбыздагы Сатыбалды молдо деген өтө такыба, жыл бою 12 ай орозо кармаган өтө билимдүү адамга жиберип, анан ал кишиден сүрөлөрдү жаттап, көп сабак алдым. Кийин Фрунзеге келип студент болуп калган кезде да айылга барып, ал киши менен атайын жолугушуп, дин маселелери боюнча пикир алышып калар элем. Борбордо университетте окуган адам катарында бир жолу ал кишиден “эмне үчүн молдокелер маселе талашып, кээде кызыл чеке болушат?” десем, ал “билесиңби, Куранды чечмелеген аалымдардын китептери Мекке, Тегеран, Бухара, Самарканд, Казань ж.б. шаарлардан араб, иран, түрк тилдеринде чыгып, бирдиктүү цензура болгон эмес, ар ким өз дараметине жараша тафсирлеген. Ошондон улам ушундай болот, мисалы, тиги да китептен окуган, бул да китептен окуган аалымдары да башка, китептеринин чыккан жери да башка, ошондон кээде ушундай болот” деп түшүндүргөн эле.


Чубак ажы менен да ушул маселе боюнча да узун сабак сухбат курган элек. Ошондо бул инсандын көп китепти окуганына жана ар бир аалымдын айткан-дегендерине сын көз менен карап, негизги булактын (Курандын) тегерегинде чечмеленгени өзүнчө оригиналдуу болчу. Ал эми молдо Сатыбалды дамланын айткандарын тастыктап, бирок мындай курч карама-каршылыктар мазхабдар ортосунда болорун, анан анча олуттуу эмес дал келбегендик мазхаб ичинде да болуп калышы мүмкүндүгүн айткан эле.


Чубак ажы... Албетте, ислам дини боюнча дээрлик бардык маселеде өзүн суудагы балыктай эркин, ишенимдүү сезген сымал башка диндердин тарыхы, алардын ички ажырымдары боюнча да алдына адам салчу эмес. Бир жолу католиктер боюнча узак сухбатташтык. Кайсы бир саякаттан келгенде тамашалап, жөөттөрдүн “Стена плача” дегенине барып, мен да кагазга Кудайдан суранычымды жазып, кыстарып койдум” десем, “эч нерсе эмес, жүрөгүңүздү бербесеңиз эле эч нерсе эмес” деген эле. Чубак ажы менен кандай темада (футбол, медицина, тарых ж.б.) болсо да жетишелик деңгээлде сүйлөшсө болот эле.


Чубак ажы тууралуу билгендеримди, жадымда калгандар боюнча кеп учугун улап жатканда мени тааныштырган жаш курактары чамалаш (Мураталы ажы 1973-2010; Чубак ажы 1975-2020) Мураталы ажы жөнүндө да учкай айтпай кетсем болбостур. Кыргыздын бул эки азаматтары кандайдыр бир жактарынан окшош эле. Алардын турмуштун бардык жагдайларындагы жумшак тамашалары эч эстен кетпейт. Мураталы ажынын аалымдык деңгээли мүмкүн Чубак ажыга жетпесе да да, анын жылдызы, чечендиги, адамдардын тилин табышы, башкаруу жөндөмү мыкты болчу. Ушул жагынан алганда, улуу муундан Абдусаттар дамыла, Кимсанбай ажы, Исраил максым, Молдо Талип орто муундан чоң аалым Молдо Сабыр, Абдуманап каары, ошол кезде жашыраак Абдишүкүр, Нигматулла ажылар да Мураталыны муюп угушар эле. Чубак ажы менен Мураталы ажынын жакындыгы бар, жакшы тандем болушчу. Тагдыр да. Муратали ажы 37 жашында, Чубак ажы 45 жашында бу жарыкчылыктан өтүп кетишти. Бүгүн бардыгы арабча болуп бараткан заманда кыргыз коомчулугуна бул эки инсандын жоктугу сезилип турат. Экөө тең башынан калпагын албаган кыргыздын ата-бабадан келе жаткан нарк-насилин сактап, мусулмандык парзыбызды аткарганга үндөп жүрүп өтүштү. Муфтийлик кызматты Мураталы ажы сегиз жыл, Чубак ажы эки жыл аркалап, мамлекеттеги бийлик алмашууда ар түрдүү кутумчулуктан улам кызматтан кетишкен. 


Бул эки инсан кыргыз асманында “жарк” этип учуп кеткен метеориттей из калтырышты. Эмне дейбиз, Жараткан буларга жаннаттан жай беришин эртели-кеч Алладан тилейбиз!


Жолборс Жоробеков, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы төрагасы  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн