Бүгүн, 31-мартта Бишкекте Аскер прокуратурасынын кызматкерлери мурдагы вице-мэр Азиз Алымкуловду кармады. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.
Алардын айтымында, УКМКнын кызматкери Алымкулов менен кошо кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы вице-мэр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал муниципалитеттин кызматкерлерине алардын филиалдары үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз каттоодо кысым көрсөткөн деп айтылууда.
Азиз Алымкулов жана УКМКнын кызматкери бир-эки саат мурун камакка алынган.
Пикирлер (2)