2020-жылдын 25-марты саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады. Алардын бирөөсү – 1960-жылы туулган Бишкектин тургуну (эркек киши), дагы бири – 1985-жылы туулган Чүй облусун Москва районунун (Дубаиден келген) тургуну.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур;
Жалал-Абад облусунда – 19 учур;
Бишкек – 3 учур;
Чүй облусунда – 1 учур;
Баткен облусунда – 1 учур.
Пикирлер (1)