Бүгүн, 9-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан аба-ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
2022-жылдын 10-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
➖Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу)
➖Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы)
➖Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында
➖Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында
➖Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында
➖Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси)
➖Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)
➖Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90 чакырымдарында
Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот
КР ӨКМ эскертет: Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн