Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чукул кабар: "Мегакомдун" жетекчиси кызматкерлеринин коронавирусту массалык жуктуруп алганын жашырып жатабы?

16.06.2020 22:04
2580
Чукул кабар: "Мегакомдун" жетекчиси кызматкерлеринин коронавирусту массалык жуктуруп алганын жашырып жатабы?


“Мегаком” байланыш компаниясында коронавирустун ири очогу катталды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлады.


Ага ылайык, аталган компаниянын кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган экен.


Массалык жугузуп алуу фактысын компаниянын башкы директору Акылбек Жамангуловдун жашырып жатканы жана ал кызматкерлерин эмгек өргүүсүнө чыгуу боюнча арыз жазууга мажбурлап, бул маалыматты ким ачыкка чыгарса кызматтан алынаарын билдирип опузалаганы чынбы? Бул кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, өзүнүн алдындагы кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирүү жана вирусту жашыруу болуп саналат эмеспи?


Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 37 кызматкерди эмгек өргүүгө чыгуу боюнча арыз жазууга мажбурлап жатканычы? Окуяны Республикалык штабдан да жашырып жатышканы -  мамлекеттик саясатка каршы чыккандык болуп саналаары бышык го? Бул боюнча компаниядан расмий жооп күтөбүз.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакыт
Жамангуловду кетириш керек