Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чукул кырдаалдан жабыркагандарга медициналык кызмат көрсөтүү жакшырат

02.06.2020 15:19
1012
Чукул кырдаалдан жабыркагандарга медициналык кызмат көрсөтүү жакшырат


Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Эл аралык чукул жардам жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөгү” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды.


Түзөтүүлөрдү камтыган жаңы мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Бахадыр Сулейманов баяндама жасады.


Анын айтымында, мыйзам долбоору дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен гуманитардык көмөктөшүү, ошондой эле чукул кырдаалдан жабыркаган калкка медициналык кызмат көрсөтүү маселелеринде укуктук кемтиктердин ордун толтуруу максатында иштелип чыккан.


Талкуу маалында депутат Максат Сабиров мыйзам долбоору учурдагы пандемия маалында өтө керек экендигин белгилеп, медициналык дары-дармектердин жана коргонуучу санитардык-гигиеналык каражаттардын наркы кымбаттап жатканын жүйө келтирди.  


Ал эми депутат Закир Шарапов да сунушту колдоду.


Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн