Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чукул конгон тик учактагылардын абалы кандай?

06.06.2021 13:20
918
Чукул конгон тик учактагылардын абалы кандай?


Бүгүн, 6-июнда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИpress агенттигине Кичи-Алай тоолоруна аскердик тик учак кулаган учурда жаракат алган адамдардын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 3 адамдын абалы орто оор деп бааланууда.

«Алар ооруканага ар кандай күйүктөр менен түшүшкөн. Калган адамдар Ош облустар аралык ооруканасында жана аскер госпиталында дарыланууда», - деди ал.

Ош облустар аралык ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу тик учактагы 14 адам жеткирилген. Алардын ичинен 5 киши күйүктөр бөлүмүнө, бирөө травматология бөлүмүнө, үчөө нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Калган 5 адам биринчи медициналык жардам алгандан кийин аскер госпиталына которулган.

Аталган окуя 4-июнда саат 12:45те болгон. Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы Ноокат районунун Кичи-Алай айылы тарапта шашылыш конууга мажбур болгон. Анын кесепетинен тик учактан өрт чыккан.

Тик учакта жалпы 15 адам болгон. Алардын ичинен үчөө учкутар, калгандары жүргүнчүлөр болчу.

Социалдык тармактарда өрттөнгөн тик учактын видеосу тарады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн