Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Чувашиянын экс-жетекчиси коронавирустан каза тапты

19.06.2020 10:46
1038
Чувашиянын экс-жетекчиси коронавирустан каза тапты


Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев коронавирустун айынан ооруканада каза тапкандыгын “Интерфакс” агенттиги маалымдады.


Игнатьев Чувашияны тогуз жылдан ашык убакыт жетектеген.


2020-жылдын январь айынан тарта анын үстүндө кара булут айлана баштаган. Ага негизинен өзү күнөөлүү болду. Адегенде ага “журналисттердин сазайын бериш керек” деп айткандыгы үчүн кечирим суроого туура келген. Янаврь айынын аягында Игнатьев тапшырып жаткан өрт өчүрүүчү унаанын ачкычы алуу үчүн ӨКМдин офицерин секирүүгө мажбурлаган. Мына ушундай калпыс кадамдары үчүн ал 28-январда “Единая Россия” партиясынын катарынан чыгарылып, 29-январда Президент Владимир Путин аны “ишенимди жоготкондугу үчүн” кызматынан бошоткон.


Өзүнүн кызматтан алынышын мыйзамсыз деп эсептеген Игнатьев Жогорку сотко арыз менен кайрылган жана ал 30-июнда каралмак.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн